11:00 Кечээ Суусамырда төрт баллга жеткен жер титирөө болду

22-октябрда кечки саат беште Суусамыр тоо кыркасында 4 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Зилзаланын күчү Толук айыл өкмөтүнүн аймагында 3 балл, Токтогул районунун Үчтерек айылында 2-3 баллды түзгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес. (AJ)