Багдадда кечээ жардыруулардан жана кол салуулардан 21 адам каза болду

Багдаддын чет жакасында Украинанын жараны киши колдуу болду. Кол салуудан полиция курсанттарынын машыгуу борборунун 15 окуучусу мерт кетти. Хадита шаарында 4 ирактык каза болду. Мосулда эки адамдын денеси табылган, алардын бири полиция кызматкери экени аныткалды. Мындан сырткары 2 америкалык жоокер каза болгону маалымдалды.