«Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмеси Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жана анын орун басары Кушбак Тезекбаев Шарк айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз жер саткан фактыларды жаап-жашырууда деп айыптаган билдирүү таркатып, аталган эки жетекчинин кызматтан кетүүсүн талап кылган жалпы элдик нааразылык акциясына даярданып жаткандыгын билдирди
«Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыкаим Кангелдиевдин маалыматына караганда, Карасуу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндө турак үй куруу үчүн мыйзамсыз жер сатуу фактылары боюнча 45 атуулдан арыз түшкөн. Анын айтымында аталган фактылар боюнча «Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмеси атайын түзүлгөн комиссиянын ичинде иликтөө жүргүзө баштаганда Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жана анын орун басары Кушбак Тезекбаев тарабынан кызматын кыянатчылык менен пайдаланган шарттагы бут тосуулар башталган:
- Шарк айыл өкмөтү боюнча жеке турак куруу үчүн жана үлүш алууга арыз берген адамдардын укугу бузулуп, бүгүнкү күнү алар жерин ала албай жаткандыгы жөнүндөгү мыйзам бузуу фактылары бизде толтура. Алардын арыздары бар. Ошол мыйзам бузууларды облус губернатору Сатыбалдиев менен анын орунбасары Тезекбаев жаап-жашырып жатышат. Алар жер маселеси боюнча кызыкдар экенигин айгинелеп атышат, - деди «Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Абдыкаим Кангелдиев.
Шарк айыл өкмөтүндөгү мыйзам бузуу фактыларын текшерүү боюнча комиссия губернатордун буйругу менен түзүлүп, анын курамында «Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да киришкен. Иш жагдайы изилдене баштаганда Шарк айыл өкмөтүндө губернатор катышкан кезексиз жыйналыш өткөрүлүп, комиссиянын иши токтотулгандыгы жөнүндө күтүүсүз чечим кабыл алынган. Ал эми Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев жер сатуу фактысы аныкталбагандыгына байланыштуу комиссия өз ишин мөөнөтсүз эле токтоткондугун билдирди:
- Бизден Шадиев барып текшерип чекит коюп келген. Ал жерде андай факты жок. Булар бирөөнүн үстүнөн эски өч алууларын козгоп атышат. Элден арыз түшсө убагында карайбыз. Эгер ал жерде жер сатуу боюнча коррупция жолдору байкалып калса, мен аны бир күндө кармап тура албайм. Мен анын башында өзүм турам, - дейт Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев.
Ошол эле учурда Абдыкаим Кангелдиев болсо иликтөө комиссиясынын иши мыйзамсыз токтотулгандыгын белгилөө менен, бул жерде облус жетекчилигинин жеке кызыкчылыгы бар деген бүтүмгө келишкендигин билдирди. Анын айтымында облус жетекчилиги Шарк айыл өкмөтүндө чогулуш уюштуруп, жер сатуу фактысын мындан ары иликтөөгө атайылап чекит койдуруп салды:
- Комиссияны жоюп таштады. Муну жоюп ташташында да негизги максат жатат. Жантөрө Сатыбалдиев дагы, Кушбак Тезекбаев дагы Шарк, Кызылкыштак, Папан айыл өкмөттөрүндө жерлерге кызыкчылыгы бар экендигин биз көрүп атабыз, - деген пикирин билдирди Абдыкаим Кангелдиев.
«Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмеси Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын орун басары Кушбак Тезекбаевдин күмөндүү иш аракеттерине байланыштуу кызматтарынан кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясын өткөрүүнү ушул жылдын 26-октябрына дайындагандыгын жарыялады.
Кубанычбек Жолдошев, Ош