Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарынын абалы 19-октябрда «Маалымат каражаты жана ишкердик» аттуу конференцияда талкууланды. Конференция ЕККУнун демилгеси менен уюштурулган бул конференцияга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер катышты.
Борбор Азия аймагында маалымат каражаттарынын ишкердиги калыптана элек жана аны басма сөз эркиндигине шек келтирбей калыптоо үчүн көп кырдуу проблемаларды чечүү зарылдыгы бар. Конференцияда дээрлик ушундай пикир басымдуулук кылды. Иш чаранын демилгечилеринин бири, ЕККУнун Бишкек кеңсесинин башчысы Маркус Мюллердин көз карашында Борбор Азия маалымат каражаттарынын алдында чыныгы атаандаштыкка туруштук бергидей деңгээлге жетүү турат:
- Региондогу медиа ишкердикте экономикалык, саясий жактан, айрым жагдайларда жеке адамдын коопсуздугу жаатында да тобокелчилик күчтүү бойдон калууда. Борбор Азиядагы медиа компаниялар болсун, өкүлчүлүктөрдөрбү же медиа ишкердикпи, айтор алар, акыйкатты сатып алууга кудуреттүү, таасирдүү саясий, экономикалык күчтөргө абдан көз каранды.
Борбор Азиядагы маалымат каражаттарынын абалы конференцияда Румыния, Латвия, Италия өңдүү мамлекеттердин маалымат каражаттарынын ишкердик тажрыйбаларына салыштырылды. Румыниянын көз карандысыз борборунун башчысы Иоанна Аваданинин пикиринде, маалымат каражаттары көз карандысыз ишкердикти чыйрак мыйзам аркылуу жана өзүн- өзү тескөө аркылуу өнүктүрө алат. Азыркы турушунда Борбор Азия маалымат каражаттарынын көз карандысыз, өз алдынча аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн мыйзам иштеп чыгуу зарылдыгын ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харасти белгиледи.
Конференцияга катышкан тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстанда медиа ишкердиктин калыптанбай жатышынын себебин кесипкөйлүктүн, сапаттын жетишсиздиги менен байланыштырды:
- Тилекке каршы бизде маалымат каражаттарындагы ишкердик башкача түшүндүрүлгөн учурлар болот. Заказ менен, акы төлөп жазылган материалдар жарыяланат.
Жекшенкуловдун айтымында, азыркы бийлик маалымат каражаттарынын ишкердигин арттыруу багытында бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатат.
Анткен менен Кыргызстандын Медиа өкүлү Шамарал Майчиевдин маалыматына караганда, март ыңкылабынан кийин келген бийликтин тушунда маалымат каражаттарын мамлекеттен ажыратуу жакында чечилери күмөн оор маселе бойдон кала берүүдө:
- Реалдуулук ушундай: жаңы бийлик мамлекеттик телеканалдын базасында эл аралык формат жана принципке ылайык коомдук телевидение түзүүгө каршылык көрсөтүп жатат. Менчиктештирүү маселеси да белгисиз мөөнөткө жылдырылып жатат.
Экстремалдык журналистика борборунун башчысы Олег Панфилов расмий бийлик маалымат каражаттарын мамлекеттен ажыратууга каршылык көрсөтүп жаткан азыркы чакта абалдан чыгуу үчүн ириде мыйзамдарды жаңыртуу керек дейт. Анын үстүнө журналисттин көз карашында, Кыргызстан маалымат каражаттарынын абалы үчүн күрөшө турган журналисттердин жаңы толкунуна муктаж:
- Чынында эле кыргыз журналисттеринин мурдагы күжүрмөн бөлүгү укук коргоочулуктан кетип, ошол эле учурда жаңы бийлик менен сөз эркиндиги үчүн жаңыча күрөшө турган лидерлер азыр тилекке каршы жок болуп жатат.