«Слово Кыргызстана» гезитинин « В конце недели» тиркемесине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мындай мазмундагы билдирүү менен чыкты. Көрсө, 2-ноябрдагы митингке ушул министрликтин эс алууда жүргөн мурдагы кызматкерлери да милийса формачан аянтка чыкканы жатышыптыр.
Министрликтин басма сөз кызматы, милийсалардын митингке чыкканы, болгондо да формачан чыкканы ички иштер органы тарабынан эч кандай колдоо таппастыгын айтып келип, милийса кызматынан ар кандай себептер менен бошоп кеткендер же запаста жүргөндөр форма кийип чыкканга тыйуу салынат деген токтом бар экенине токтолгон.
«Агым» гезитинен мурда Кыргызстандын Акыйкатчысынын орунбасары кызматында иштеп, кийин өз арызы менен бошоп кеткен Садык Шер Нияздын азыр заманбап кинотехника менен жабдылган «Айтыш кино» студиясын уюштуруп, саясат жыттанган турмуштан боюн аластап кетсе, кыргыздын белгилүү ырчысы Сыймык Бейшекеев «Чындык» деген партия түзүп, саясаттын босогосун аттаганын окуса болот.
Ушул эле гезит агездеги Чүй облусунун губернатору Курманбек Бакиев менен гезит кабарчысынын 1999-жылдын 26-февралындагы суроо-жообунан үзүндү жарыялайт.
-Уулдарыңыз дароо материалдык кызыкчылыкты карашабы?- деген суроого Курманбек Бакиев:
- Ооба. Кичүү уулум болуп көп сүйлөшөбүз. Сырдашабыз. Наалый берет. «Эчтеке приватизация кылбадың. Түшүп калсаң кантебиз?» дейт,-деп жооп берген.
«Жаңы кылым» гезити, Кыргызстанда азыркы күндө 2 миңден ашуун кыргыздар бөтөн динге өтүп кетти, бул расмий гана маалымат, чындыгында мындан да көп, анткени азыр Кыргызстанда 100дөн ашуун миссионердик диний уюмдар аракеттенет, диндин көптүгү кыргыз элинин ынтымагын ыдыратууда, буга далил, акыркы эле жылдары сөөк кое албай Нарын менен Ысык-Көлдө, Талас менен Жалал-Абадда көрүстөн талашкан көрүнүштөр келип чыгууда деп жазат.
«Кыргыз руху» гезити «Эр айдоочу» укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатовго сөз берген. Ал өз сөзүндө Кара Кече көмүр бассейниндеги баш аламандык токтобой жатканын, кенде уюшкан кылмыштуулук күчөгөнүн, уурдап-таламай басылбай, эсеп-кысап бөлүмүндө дайыма кош документ толтурмай адаткан айланганын, мурда көмүрдүн көмүскө кожойкеси Майрам Акаева болсо, азыр анын ордун азыркы Акүй билермандары ээлегенин айтат.
«Эркин тоо» гезити, билим берүү тармагынын ишмери Ишенгүл Болжурова менен уюштурган түз байланыш уюштуруп, экс-вице-премьер министрден учурдагы билим берүү тармагынын абалы тууралуу сураганда, Ишенгүл айым, быйыл жогорку окуу жайларын чукул кыскартып, 17 миң баланы тентиретип койгону туура эмес болгонун, окуу жайларынын көп болушунан коркпош керектигин билдирген.
«Кыргыз туусу» гезити депутаттардын «чөнтөгүнө» назар салат, гезиттин жазганына таянсак, Кыргызстандын ар бир жараны депутатка 35 сомдон төлөп турат, ошондо ар бир депутатка жылына элдин чөнтөгүнөн 2.5 млн. сом кетет экен. Бүгүн 27 депутат Бишкекте үйү жоктугунан батирде жашайт, Жогорку Кеңеш батир акысы үчүн деп алардын ар бирине 450 доллардан ай сайын жардам берип турат дейт.
Баяндаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ