11:50 Темир Сариев: "Элди биз эмес, бийлик түндүк-түштүккө бөлүп жатат"

Депутат Темир Сариев элди түндүк-түштүккө биз эмес, бийлик бөлүп жатат, ал эми президент берген убадаларын аткарсын, ал конституциялык реформа жүргүзсүн, деп белгиледи. Депутат Муратбек Мукашев Акаевдин бийлиги уланып жатканын айтып, Акаев мамлекетти 2 милилард доллар карыз менен калтырса, тандем ХИПИК аттуу сормо сазга тыгууга аракеттенүүдө, деп билдирди. Мукашевдин пикиринде, жыл аягына чейин конституциялык реформа жасап, ошонун алкагында саясий иштерди улантуу керек. (AiT)