Нарын АЙЫП, Прага 19-октябрда Финляндиянын борбору Хелсинкинин алдындагы Лахти деген шаарда Европа Биримдигинин бейформал саммити башталды. Ал 20-октябрда аяктаганда өткөрүлө турган сый тамакка орус президенти Владимир Путин дагы чакырылды жана бир топ Батыш байкоочулары аны сынга алууда.
Европа Биримдигине учурда Финляндия төрагалык кылууда жана Лахти шаарындагы бейформал жолугушууда - анын жетекчилиги алдында көрүлгөн аракеттер талкууланып, кандай жетишкендиктер болуп, эмне маселелер чыкканы каралууда. Саммитин экинчи күнүндө өткөрүлө турган сый тамакка орус президентинин чакырылганы эл аралык коомчулук тарабынан ар башка бааланууда.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи күнүндө Маскөө Украинага берилген газдын агылышын токтотуп, аны менен бир топ башка европалык мамлекетти да газсыз калтырганы көптөгөн сын жараткан жана Орусиянын жооптуу мамлекет экени тууралуу маселе да көтөрүлгөн. Маскөө эки күндүн ичинде Украинага газ берүүнү калыбына келтирүүгө аргасыз болгон жана мурда талаш-тартыш жаратып келген баа маселеси дароо чечилген. Бирок кийин өткөрүлгөн көпчүлүк эл аралык жыйындарда Орусия тараптан Европа мамлекеттерине берилип жаткан мунай жана газдын экспорту үзгүлтүккө учурубай турганына кепилдик канчалык бекем экени такай талкууланууда.
Батыш мамлекеттери тарабынан кабыл алынган Энергетика хартиясына Орусиянын кошулушу тууралуу да маселе көтөрүлүүдө, бирок Маскөө андай талкуудан качып, ар бир европалык мамлекет менен өз алдынча мамиле түзүүгө аракеттенүүдө. Европа Биримдиги өзү болсо кубат маселеси боюнча бирдиктүү саясат иштеп чыга албай жатат жана, айрым байкоочулардын пикиринде, андан президент Владимир Путин бардык мүмкүн болгон пайданы таап жатат.
Аны менен катар Маскөө өзүнүн мунай жана газ өндүрүшүнө европалык ишканалардын келишине да токсоолдук түзүүдө жана Баренц деңизинде табылган жаңы газ корун өндүрүүгө чет өлкөлүк компанияларды жолотпой койду. Сахалин аралындагы газ корлорун иштетүүгө 1990-жылдарда кол коюлган контракттар жакында токтотулду жана франциялык "Тотал" менен британиялык "Шелл" компаниялары өз лицензияларынан айрылды.
Мындай абалда атактуу журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү жана Маскөө тараптан Грузияга каршы көрүлүп жаткан аракеттер Европа мамлекеттери арасында жаңы пикир келишпестиктерди жаратты. Ошондуктан, өз-арада бирдиктүү пикир жок кезде, мисал үчүн, Варшава шаарындагы Эл аралык байланыштар институтунун президенти Евгениуш Смолардын пикиринде, Путинди Финляндиядагы жыйынга чакырып кереги жок болчу. "Путин мырза менен жолугушуу өткөрүү эртелик кылат. Аны менен жолугаардан мурда Европа Биримдигинин мүчөлөрү алдын ала кубат маселеси боюнча, тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча бирдиктүү саясат иштеп чыгып алыш керек", - дейт Смолар.
Аны менен катар Орусиядагы акыркы окуялар менен байланыштуу Маскөөгө карата жалпы мамиле Европада өзгөрүп баратканы тууралуу да көп айтылууда: "Путин Германияга акыркы жолу келгенде, мурда болуп көрбөгөн окуя болду, ага каршы демонстрациялар өткөрүлүп, анын катышуучулары Путинди киши өлтүргүч деп аташты. Ошондуктан абал өзгөрүп баратат, жаңы саясатка ал канчалык таасир тийгизээри азырынча белгисиз, бирок, менин оюмча, коомдук пикир бир топ өзгөрүп баратканын көрсө болот. Ал өзгөчө Алмания менен Орусия ортосундагы мамилелердин Маскөө менен Европа Биримдиги ортосундагы байланыштарга таасир тийгизиши мүмкүн", - дейт Берлин шаарындагы америкалык Маршалл борборунун эксперти Йорг Химмелрайх.
Анткен менен Путин катышкан сый тамак эки саат 15 мүнөткө гана уланат жана анда бардык маселелерди көтөрүүгө убакыт жетпей да калышы мүмкүн.