Ислам дининде ыйык орозо айынын жыйырма алтынчы түнү - кадыр түн деп аталат. Кадыр түн бул жолу 19-октябрдан 20-октябрга караган түнгө туш келүүдө.
Кадыр түн деген эмне экендигине Бишкектеги Азрети Умар атындагы ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов токтолду:
-Кадыр түн деген – ыйык курандын биринчи түшкөн күнү. Курандын “Кадыр” сүрөөсүндө куран түшкөн кадыр кечеси миң айдан жакшыраак деп белгиленген. Бул түнү периштелер жерге түшүп, ар бир адамдын келечек ырыскысы, тагдыр жолу аныкталат. Ошондуктан мусулмандар кадыр кечесинде таң атканча ибадат кылып, жаратканга жалбарып, жакшылык тилеп чыгышат. Айрыкча билип-билбей жасаган күнөөлөрдү кечирүүнү сурануу керек.
Талас облусунун казысы Таалайбек-ажы Жакыпов кадыр түндү жамаат менен тоскон ыңгайлуу экендигин, жалгыз адамды шайтан аңдып турарын, уктатып коёрун, мечитке барып башкалар менен чогуу тосуу айрыкча сооп болорун белгиледи. Ошол эле кезде аялдардын мечитке барууга болбостугун, мечитте кадыр түн тоскон адамдын бала-чакасы үйдө эс аларын эскертти.
Кадыр түндүн таңга чейин тосулушу шарт. Бирок анын эртеси көбүнчө жумуш күн болот эмеспи. Абдышүкүр-ажы Нарматов шариятта андай жумушка чыкчуларга күчтөө болбостугу жөнүндө да жазылгандыгын айтат.
Педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев педагогика менен исламдын байланыштарына токтолуп келип, кадыр түндү адамдын өзү менен өзүн сырдаштырган, өзүнө өзүн сын көз менен караткан, жан дүйнөсүн жаңырткан, эртеңине таза кадам шилтеткен касиеттүү күн катары баалады.
Биз микрофон сунган адамдардын айрымдары орозо кармабаса да кадыр түндү тосуп жүргөндүгүн, айрымдары кадыр түн тууралу таптакыр түшүнүгү жок экендигин айтышты.
Ал эми шейх Садыкжан Камалиддин кадыр түн алдында элге-журтка жакшылык тиледи.
Кожогелди Култегин, Бишкек