Оогастанда италиялык фотокорреспондентти уурдап кеткендер талаптарын коюшту

Алар Габриэле Торселлону христиан динине өткөн ооган менен алмашууга макул экенин билдиришти. 41-жаштагы Абдул Рахманга христиан динине өтүп кеткендиги үчүн өлүм жазасы каралган. Эл аралык коомчулуктун таасири менен ал Ооганстандан бошотулуп Италияга көчүп кеткен.