АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУНУН КҮЗГҮ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ

Кечээ 18-октябрда Бишкектеги Алатоо аянтында жигиттерди аскерге узатуу салтанаты болду. Ал эми ошол эле маалда кыргыз армиясында кызмат өтөөдөн качып жүргөн жаштар да арбын.
Күзгү аскерге чакыруу ишинин уюштурулушу жана жүрүү тартиби өлкөнүн коргоо министринин биринчи орунбасары генерал-майор Замир Молдошевдин айтымында быйылкы күздө башка жылдарга караганда эки эсе көп чакыруу тапшырылгандыгы менен айырмаланат. Бул болсо, өткөн жылы күзгү аскерге чакыруу иши биринчи жолу бир жылдык мөөнөт менен башталгандыгына байланыштуу. Ошондуктан бул күздө 2005-жылдын жазында жана күзүндө аскерге кызмат өтөөгө чакырылгандар кетип жатышат. Алар 15 күндүк даярдоодон өткөндөн кийин гана аскер бөлүктөрүнө жиберилет.

Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу жана аскерлерди комплекттөө башкармалыгынын башчысы полковник Руслан Абдрахмановдун айтымында Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө 5 миңге чейинки адам, ал эми альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка 15 миңге чейинки адам чакырылат.

Аскердик-дарыгердик комиссиянын төрагасы, медицина кызматынын полковниги Бакыт Качибеков маалымдагандай, болочок жоокерлердин ден соолугуна өзгөчө көңул бурулууда. Себеби учурда жаштардын көпчүлүгүнүн ден соолугу начар, аз кандуулук менен жабыр тарткандар арбын.

Бишкектеги Ленин райондук аскер комиссариатынын комиссары полковник Ниязалы Төрөгелдиевдин айтымында бул жолу уландар бир жыл гана аскердик кызмат өтөшөт. Бул жолу аскерге жөнөп жаткан жигиттер Ысыккөл жана Нарын облусундагы чек ара кызматтарына аттанып баратышат.

Учурда аскер комиссариаттары коргоо министрлигинин көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат. Эми, чакыруу өнөктүгү атайын орто жана жогорку билими бар жашы улууларды да армияга кызмат өтөөгө милдеттендирет. Дагы бир өзгөчөлүгү, аскерге чакырылуучу өзү жашаган жерден үч жүз чакырым алыстыктагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жиберилип турат.

Аскерге жөнөп жаткан бишкектик Алмаз Азаматов армиядан кийин Орусиядагы жогорку аскердик окуу жайга тапшырып, офицер болууну самайт.

Армиядагы кыйынчылыктардан коркпой, мекендин чегин коргоо үчүн чек ара бөлүктөрүндө кызмат өтөөнү суранып жаткан бишкектик Арсен Кулжабаев да келечекте аскер кызматкери болгусу келет.

Армияга уулун жөнөтүп жаткан белгилүү актер Эгемберди Чылабаев чиновниктердин балдары акчанын күчү менен аскерге барбай, карапайым адамдардын уулдары баратканын айтып, же аскердик техникасы, же учагы, танкасы жок, жарак- жабдыгы эски кыргыз армиясынын кейиштүү абалына зээнин кейитти.