ОРУС ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ОКУМУШТУУЛАР ЖАРАТЫЛЫШТА ЖОК ЖАҢЫ ЗАТ СИНТЕЗДЕДИ

Нарын АЙЫП, Прага Америкалык жана орусиялык окумуштуулар 16-октябрда - Менделеев жадыбалында эң акыркы орунду ээлей турган жаңы элементти жаратканы тууралуу жарыялады. Орус илимпоздору аны "московий" деп атоону сунуштап жатат, бирок ал тууралуу чечимди атайын эл аралык уюм кабыл алууга тийиш.
Биздин жаратылыш 92 элементтен турат, алар бир-бири менен байланышып, ар башка заттардын молекулаларына биригет. Элементтер бир-биринен салмагы жана электрондук күчү менен айырмаланат. Электрондук күчү бир, бирок салмагы башка элементтер изотоп деп аталат жана алардын баары бир элемент болуп эсептелинет. Ошондуктан, мисал үчүн, урандын же кальцийдин ар башка түрү болушу мүмкүн - алар атомунун салмагы менен айырмаланат бирок электрондук күчү бир.

Кайсы бир элементтин электрондук күчү өзгөргөндө болсо, анын салмагы кандай болгонуна карабай, ал башка элементке айланып кеткен болот. Электрондук күч - элементтин атомунун өзөгүндө канча протон бар экени менен байланыштуу, ошондуктан аны кээде атомдук сан деп да айтышат. Өзөктө канча протон болсо, аны ошончо сандагы электрон дагы айланып туруш керек, электрондордун саны башка болуп кетсе, атом ионго айланат, бирок ошол эле элемент бойдон кала берет.

Жаратылыштагы 92 элементтин эң жеңили - суутек, анын атомунун өзөгүндө бир протон бар жана аны бир электрон айланып турат. Эң оор элемент - урандын өзөгүндө 92 протон бар. Андан көп протону бар элементтер жаратылышта кездешпейт, бирок ХХ-кылымдын экинчи жарымында физиктер бир нече оор элементтерди лабораторияларда жараткан жана алар Менделеев жадыбалына киргизилген.

Жаңы элемент кайсы бир өлкөдө жаратылса, андай эксперимент башка бир лабораторияда көз карандысыз түрдө өндүрүлмөйүнчө, андай эксперименттин жыйынтыгы илимий коомчулук тарабынан таанылбайт. Ошондуктан мындан бир нече жыл мурда Орусияда жаратылды деген 113-, 114-, 115- жана 116-элементтер башка окумуштуулар тарабынан табылбагандыктан, тааныла элек. Азыркы 118-элемент дагы тааныла элек, бирок аны жараттык деп орусиялык жана америкалык окумуштуулар биргелешип билдиргендиктен, көпчүлүк илимпоздор ага ишенүүдө.

Акыркы таанылган эң оор элемент - рентгениум - 1994-жылы жаратылган, анын электрондук күчү 111. АКШнын Калифорния штатындагы Лоуренс Беркли лабораториясында 1999-жылы 118-элемент жаратылды деп жарыяланган, бирок эки жылдан кийин ал маалымат жокко чыгарылган, анткени изилдөөгө катышкан Виктор Нинов деген окумуштуу илимий жыйынтыктарды бурмалаганы аныкталган жана доктор Нинов кызматынан бошотулган.

Азыркы эксперименттер Маскөө алдындагы Дубна шаарындагы Өзөктүк изилдөөлөр боюнча биргелешкен институтта өткөрүлдү жана аларга Калифорнияда жайгашкан Ливермор лабораториясынын илимпоздору катышты. Изилдөөгө Орусия тараптан Юрий Оганесян, АКШ тараптан болсо Доун Шоугнесси жетекчилик кылды.

Калифорниум деген элементтин салмагы эки жүз кырк тогузга жеткен изотопу кальцийдин оор изотопу менен миңдеген жолу алты ай бою бомбаланганда, 118-элементтин үч атому пайда болгону аныкталды, алар бар болгону бир миллисекунда гана жашаган. Калифорниум өзү дагы жасалма элемент, анын атомдук саны 98.

Орус окумуштуулары жаңы элементти "московий" деп атоону сунуш кылып жатат, анткени Дубна шаары жайгашкан Маскөө облусунун губернатору Борис Громов изилдөөлөр үчүн бир миллион доллар грант берген. Бирок расми чечим кабыл алынганга чейин эл аралык чөйрөдө жаңы элемент "унуноктиум" деп аталууда, ал латин тилиндеги бир, бир, сегиз деген сөздөрдүн башталышынан куралган.

Эксперименттин жыйынтыктары - физиктер арасында өтө бааланган "Физикал ревю" деген америкалык журналда 16-октябрда жарыяланды.