Кыргызстандын баш мыйзамынын долбоорун даярдоо боюнча Венеция комиссиясы менен кыргыз парламентинин пикирлери дал келди. Бул тууралуу Венеция комиссиясынын отурумуна катышып келген Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бүгүн билдирди. Тараптар Баш мыйзамды Конституциялык Кеңешме биринчи баскычында иштеп чыккан долбоордун негизинде даярдоону жакташты.
Венеция комиссиясы 14-15 октябрда Венецияда президенттин демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топтун үч долбоорун жана өткөн жылдын 17-июлунда жарыяланган долбоорун талкуулады. Комиссия сунуш кылынган долбоорлордун ичинен Азимбек Бекназаров баштаган жумушчу топтун үч долбоорундагы сот реформасына, адам укуктарына байланышкан бөлүмдөрүн, ал эми Конституциялык реформа сунуштаган долбоордун бийлик бөлүштүрүү принциптерин жактырды. Венеция комиссиясы парламент төрагасынын конституциялык реформага карата пикирлерин колдоду. Марат Султановдун оюнда, ушул төрт долбоордун алкагында орток долбоор түзүүгө бет алуу, натыйжалуулукка умтулуу керек, бул президент менен парламент ортосунда мунасага жетишүүнү шарттамак:
- Биз чекит коюшубуз керек. Негиз катары бир-эки долбоордун тегерегинде иштейли деген бир чечимге келбесек, анда биз дагы бир-эки жыл талашып-тартышып жүрө беребиз.
Азыр саясий күчтөр ортосунда негизги талаш башкаруунун формасына байланыштуу жүрүүдө. Маселен, президент Курманбек Бакиев президенттик башкарууну жактайт. Акыркы жолу мындай көз карашын 14-сентябрда парламентте болгондо айткан:
- Биз президенттик-парламенттик формада калышыбыз керек же президенттик формада болушубуз керек. Мына менин позициям ушундай.
Конституциялык кеңешмеге биринчи баскычта төрагалык кылган экс-спикер Өмүрбек Текебаев жана аны жактаган оппозициялык маанайдагы саясатчылар болсо парламенттик башкарууга артыкчылык берилген 17-июлдагы долбоорду жакташууда. Алар башка колго илинерлик алгылыктуу долбоор жок дешип, эгер, президент Конституциялык реформаны алар талап кылгандай шартта жүргүзүүгө киришпесе, 2-ноябрда анын кызматтан кетишин талап кылаарын эскертип жатышат.
Марат Султанов баштаган саясатчылар Кыргызстанга азыр аралаш башкаруу керек деп эсептешет. Ар кандай көз караштагы саясий күчтөрдү мунасага жеткирүү үчүн президент менен премьер-министр чечкиндүү аракеттерди жасашы керек, деди төрага:
- Оппозициянын корккону – реформа токтоп калбасын деп атат. Ошондуктан, президент дагы, өкмөт башчысы дагы ушул реформаны тездеткенге өз салымын кошушу керек. Парламенттин ушул сессиясынын ичинде толук кандуу парламентке ээ болуп калсак, бул Кыргызстан үчүн чоң жеңиш болот деп ойлойм.
Марат Султанов Конституциянын жаңы долбоорун оппозиция талап кылып жаткандай тез бышырууга парламенттик угуу негизги күч болуп берет деп ишенет. Оппозиция бул демилгеге обочо кароодо. Президент болсо колдоп, атүгүл жумушчу топ иштеп чыккан үч долбоорду Конституциялык түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитетине сунуштаган болчу. Султанов парламенттик угууда калган жыйырмадан ашык долбоордун деле алгылыктуу жактарын эске алып, жыйынтыгында бир бүтүн долбоорду президентке сунуштоо керек дейт.
Комитет төрагасы Искак Масалиевдин айтымында, эгер, парламенттин аракетин президент колдоп берсе, дээрлик жыл аягына чейин конституциянын жаңы долбоору даяр болот:
- Эгерде бир вариантка токтоп, ушул вариантты президентке сунуш кылсак, президент бизге, Жогорку Кеңешке жаңы жылга чейин алып келсе, анда ишибиз бүттү деп эсептесек болот.
Парламентарийлер башкаруунун формасын тактоо максатын көздөгөн референдум кандайдыр бир тыянак берет деп ойлошпойт. Бул максатта жыл этегинде референдум өткөрүү тууралуу өз жобосун ишке ашыруу же жокко чыгаруу тууралуу азырынча президент тарабынан кандайдыр бир чечим кабыл алынганы кабарлана элек.