“Жарандык кол кабыш” укуктук Комитетинин өкүлү Елена Рябининанын айтымында, кечээ милиция кызматкерлери Рустам Муминовдун каттоосу жок деген шылтоо менен аны алып кеткен. Муминовго өзбек бийлиги тарабынан экстремизмге жана Анжиян окуяларына тиешеси бар деген кине коюлган. Укук коргоочулар Муминов Өзбекстанга тапшырылып берилет деп кооптонушууда.