Мамлекеттик айыптоочу Рыскул Бактыбаев буга дейре соттон калабачыларга түздөн-түз тиешеси бар деп айыпталып жаткан 6 адамдын төртөөнө өлүм жазасын, калган экөөсүн 20 жана 12 жылга эркинен ажыратууну сураган. Быйыл 12-майда Баткен облусунун аймагына Тажикстан тараптан кирип келген куралдуу топ менен кагылышууда кыргыз тараптан 6 адам курман болгон. Куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Бул ишти Кадамжай райондук соту Ош шаарында августтун этегинде карап баштаган эле. (SM)