МУНАПЫС МЫЙЗАМЫНДА КАНДАЙ САЯСАТ БАР?

Жогорку Кеңештин сессиясы бүгүн «Кыргызстандын көз карандысыздыгынын он беш жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулады жана бейшемби күнкү добуш берүүгө сунуштады. Бул мыйзам кабыл алынса, 185 киши абактан бошотулуп, 5800 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Долбоордо 24-март, 17-июнь окуяларында айыпталгандарга да мунапыс берүү да каралган.
Мыйзамдын автору, депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар, көп жолу кылмыш кылгандар, мурда мунапыс алгандар мунапыс алуу укугунан ажыратылат. Экономикалык кылмыш жасагандарга чыгымды төлөп бергенден кийин, кургак учук менен ооругандарга дартынан айыккандан кийин гана мунапыс берилет. Мыйзам кабыл алынса, болжол менен соттолгондордун төрттөн, бештен бири мунапыс алуу укугуна ээ болот. Муну автор жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү катары белгиледи.
Бирок, депутат, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров долбоордо саясий кызыкчылыгы бар жоболор бар дейт:

- 304-берене кирип калыптыр. А биз көп иштерди 304 менен козгогонбуз да. Бул - кызматынан кыянаттык менен пайдалануу. Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин эпизоддору түшүп калыптыр. 17-июнь, 24-марттагы окуялар да түшүрүлүптүр. 24-мартта да, 17-июнда да ким кылмыш кылса, мунапыс берилбейт деп сунуш киргиздим. Акыйкат аныкталганга чейин муну алып салыш керек.

Азимбек Бекназаровдун оюнда 1998-жылдары Кемелбек Нанаевге, Дастан Сарыгуловго байланышкан кылмыш иштери да мунапыска туш келип турат.
Каныбек Иманалиев экс-президенттин жакындарын жана башка мамлекеттик ишмерлерди кылмыш жообунан куткарууну кепилдеген жоболор долбоордо жок, бирок, 24-март, 17-июнь окуяларына байланыштуу жоопко тартылгандарды актоо зарыл дейт:

- Ошо күнү эгерде ким уурдап-тонобосо, кылмыш кылбаса (эми ошол күндөрү эл абдан эмоцианалдуу болду да) мунапыс берилет. 17-июндун деле 24-марттан айырмасы жок. Экөө тең шайлоодон келип чыккан саясий окуя. Ошол кыймылдын өкүлү Чолпонбаев, тескерисинче, Акүйдү талкалабагыла деп элди үгүттөптүр. Бул туура эмес деп ойлойм. Эгер мыйзам кабыл алынса кээ бир ушундай инсандар, фактылар акталышы керек.

Мукар Чолпонбаев 17-июнь окуясы боюнча бир жылга шарттуу эркинен ажыратылган. Бирок, ал мунапыс аркылуу эмес, Жогорку Сот аркылуу таза акталгысы келет:

- Мунапыс күнөөлүү деп таап туруп, анан актайт да. Биз Жогорку Сот таза актайт деген ойдо күтүп жүрөбүз.

«Март ыңкылабынын бир жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун мартта Кыргыз өкмөтү сунуштап, бирок, өтпөй калган. Юстиция министри Марат Кайыповдун айтымында, ал долбоордо саясий максатты көздөгөн жоболор киргизилген эмес:

- Кандайдыр бир мамлекеттик түзүлүшкө каршы кылмыш, мамлекеттик бийликти тартып алуу максатын көздөгөн кылмыштар каралган эмес. Беш гана категориядагы: социалдык жактан өтө төмөнкү категориядагы, жеңмл кылмыш жасаган кишилер, мындайча айтканда, мисалы, тапичке, арак, шокалад уурдагандарды бошотолу дегенбиз.

Бирок, аталган долбоорду кыйла депутаттар саясий сабатсыз долбоор катары баалашып, кабыл алуудан баш тартышкан. Марат Кайыпов мыйзамды мурунку бийликти сактап калгысы келгендер, ыңкылапка каршы чыккандар өткөрбөй коюшту дейт.
Каныбек Иманалиевдин айтымында, жаңы долбоор Болот Шерниязов, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев сыяктуу жоон топ депутаттардын сунушунун негизинде иштелип чыккан.