17:00 Ф. Кулов Нарын областындагы өнөр жай жана айыл чарба ишканаларын кыдырууда

Феликс Кулов алгач Кочкордогу пластикалык терезе, эшик жасоочу цехти баш кылып төрт объектиде болду. Андан соң Нарын районундагы Аккыя белиндеги жолдон баштап Нарын шаарын кошкондо 7 объектиге барды. Булардын арасында мектептер, суу каналдары, кирпич заводдору бар. Атбашы районунда да жети объектини кыдырат. Алар Кызылбелдеги жолдун абалы, Атбашы суусунун дамбасы жана эски аэропорттун ордуна курула турган терминалдын жери менен таанышып, бүгүн кайра Бишкекке жол тартат. (JI)