АКШда террорчуларга жардам бергендиги үчүн адвокат 28 айга кесилди

67-жаштагы Линн Стюарт камакта отурган Шейх Өмар Адбель-Рахманга анын Египеттеги тарапкерлерине зордук аракеттерине чакырган каттарды жөнөтүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн күнөөлү деп табылды.