Нобелдин тынчтык сыйлыгы бангладештик банкирге ыйгарылды

Ослодогу күтүлбөгөн жарыяда Мухаммад Юнус жана анын Грамин банкы миллиондогон жарды бангладештиктерге микро-кредит ыйгаруу аркылуу социалдык жана экономикалык өнүгүүнү ылдыйдан өркүндөтүүгө кошкон салымдары үчүн тандалып алынганы айтылды. Нобелдин Тынчтык сыйлыгы менен катар, дээрлик 1 миллион 400 миң доллар акчалай сыйлык да каралган.