Кабыл Макеш, Бишкек Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда газдын баасы эки эсеге жакын кымбаттайт. Келeрки жылдан тарта 1 миң кубометр өзбек газынын баасы 100 доллар болот. Ал эми жылдын аягына чейин баа мурдакы келишимдерге ылайык 55 доллар бойдон калат. Өзбекстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алууга кызыгдар болууда.
Өзбекстан тарап мына ушундай 100 долларлык бааны сунуштап жатканын "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун президенти Игорь Чудинов бүгүн билдирди.
- «Кыргызгаз» акционердик коому Өзбекстандан расмий кат алдык. Анда жаңы жылдан баштап газ баасы 100 доллар болот деген сунуш айтылган. Эгер тариф көтөрүлсө газдын баасы 5 сом 30 тыйынга кымбатташы күтүлүүдө. Өлкө президенти Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапарында газ темасына да кайрылып, жыл аягына чейин мурдакы бааны кармап турууну Ислам Каримовдон суранган. Өзбек тарап Кыргызстандан электр энергиясын алууга кызыгдар экенин билдирүүдө. Бул маселелер өкмөттүк деңгээлде каралат. Келээрки жылы “Кыргызгаз» Өзбекстандан 800 миллион кубометр газ сатып алууну пландаштырып жатабыз.
Игорь Чудиновдун айтуусунда, газ баасынын кымбатташы социалдык жардамга муктаж катмарга чоң түйшүк алып келиши ыктымал. Дагы да кыш чилдеде газ проблемасы чыкса болгон оорчулуктун баары электр энергиясына түшөт.
Өзбекстан тарап газ акысын айткан баасынан төмөн түшүрбөй койсо, ага жооп кылып Кыргызстан сугат маалында Өзбекстанга берчү сууну жана аларга сатчу электр акысы менен компенсация кылса болот, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев.
Өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстан газ карызын кредит эсебинен жаап, Өзбекстан «көгүлтүр отунунун» 1000 кубометрине 55 доллардан акча төлөп, маселе оңунан чечилген.
Учурда “Кыргызгаз” акционердик коому “Узтрансгазга” ай сайын алдын ала төлөп, бир тыйын да карызы жок. Ал эми өлкөнүн айрым ири ишканалары: “Майлысуу электрлампа” ишканасы , Бишкек ТЭЦи жана жүздөгөн атуулдар “көгүлтүр отту” колдонгону үчүн 170 миллион сом карыздарын “Кыргызгазга” төлөбөй келүүдө.
Өлкөдө күйүүчү май бир жыл ичинде акырындык менен улам-улам бир нече ирет кымбаттаса, газ баасы жыл башында бир кымбаттаганы менен ошол нарк жыл аягына чейин сакталып тураарын «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудинов айтты. Анын маалыматы боюнча 2007-жылга чейин Өзбекстандан 800 миллион кубометр газды сатып алуу тууралуу келишимге кол коюлуп, макулдашуу болгон.
Эгемендүү өлкө болгону Кыргызстан жыл сайын кышында газ көйгөйүнө кабылып, Өзбекстанга күнкор болуп келүүдө. Мындай жагдайдан кутулуу үчүн мурдагы президент Аскар Акаевдин өкмөтү 1992-жылы эле отун-суу тармагын электр энергиясына өткөрүү идеясын көтөрүп чыккан. Ошондон бери ыйлай-сыктай айыл жергеси электр энергиясы менен эптеп кыштан чыгууда. Газды пайдаланган Бишкек жана Ош шаарынын электр жабдууларынын 80 пайызы эскилиги жетип калгандыктан бул тармак андай оорчулукту көтөрө албасын, буга атайын даярдык менен акырындап өтүүнүн зарылдыгын Кыргызстан энергетиктер ассоциациясынын президенти Жамалбек Түлөбердиев белгиледи.
Газдын баасынын көтөрүлүшү күтүлгөн иш. Жалпы дүйнөдө отун-суунун акысы жылдан жылга кымбаттап баратканда андан Кыргызстан менен Өзбекстан четте кала албайт.