ОСМОН АРТЫКБАЕВ : ХИПК КОЛУБУЗГА САЛЫНГАН КИШЕН БОЛОТ

12-октябрда болгон Улуттук форумда бийлик өкүлдөрү менен оппозиция тил табыша албай койду. Натыйжада Улуттук форум «Реформа үчүн» кыймылынын мурда бийликке коюп келген маселелерди тез арада чечүүнү талап кылган чечим кабыл алды. Форумдун жыйынтыгы боюнча «Азаттык» менен ЖК депутаты Осмон Артыкбаев ой бөлүштү.
- Кечээги форумга сиз да бардыңызбы?

- Албетте.

- Өзүңүз күбө болгондой, жыйында президент менен премьер министрдин дарегине бир топ ачуу сөздөр айтылды. Сиз кандай таасирде кайттыңыз, окуялар кандай өнүккөнү турат сиздин көз карашыңызда?

- Реформага кирген саясатчылар 2-ноябрга чейин убакыт беришти. Мындай талаптар бар, ушуларды аткарыңыздар, элибизди, жерибизди оңдойлу деп. Өкмөт, президент жолугуп отуруп сүйлөшүп, ошого барыш керек. Канчалык тез түз кеңешип сүйлөшсө ошончолук эл үчүн, өлкөбүз үчүн жакшы болмок.

- Форумдун соңунда кабыл алынган резолюцияга көз жүгүртсөк. Президенттин дарегине айтылган талаптар мурдагыдан конкреттештирилгендей. Маселен алгачкы Конституциялык кеңеш иштеп чыккан Баш мыйзам долбоорун 10 күн ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү биринчи талап болуп жатат. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин токтомун аткарып элдик ишенимдеги коалициялык өкмөт түзсүн, КТРди коомдук телеканалга айлантуу жөнүндөгү мыйзамга каршы берилген ветосун 10 күн ичинде чакыртып алсын деп турат. Булар сиздин көз карашыңызда бышылып жетилген маселелерби?

- Негизинен, эч кандай татаал маселелер коюлган жок. Аларды чечиш, Өкмөт башчынын колунан келет. Коюлган маселелердин бардыгын чечип койсо бул жакшы прогресс болмок, келечегибиз жакшы болмок. Аксыдагы болуп өткөн курултайдын талабын коюшту, Конституциянын мурунку вариантын тез аранын ичинде алып берүү маселесин коюшту. Бардыгы аткарыла турган маселе. Данияр Үсөнов чыгып сүйлөдү, биз даярбыз, 5-10 адам болуп жолугушалы деди. Бул маселелерди тез аранын ичинде чечип койсо эч кандай саясий кыйынчылык болбойт эле, митинг да болмок эмес.

- Алгачкы Конституциялык кеңешме даярдаган Баш мыйзам долбоору башкаруунун парламенттик-президенттик формасын карайбы?

- Ал жерде негизинен парламенттик формасы бар.

- Сиз мурдагы ишкерсиз, кечээ күнкү резолюцияда да турат ХИПК маселеси. Президент, премьер министр, каржы министри ХИПК программасына кирүү маселесин күн тартибинен чыгарсын дейт?

- Бул өтө туура эмес. Ошол жерде да айтылды, ХИПК маселеси боюнча талап коюлду. Өкмөтүбүздү башкара албай ар кандай программаларга киребиз деп, элдин бутун биротоло байлап коеюн деген программага киребиз деп атышат. Бул айласы жоктон болуп аткан нерсе. Тез аранын ичинде ХИПК программасынан чыгалы, мындайдын биздин элге кереги жок деп талап коюшту. Андан көрө өлкөнү жакшылап башкарып, экономиканын үстүнөн туура, концепциалдуу саясат жүргүзүп, башка жол менен чыгалы деп атат. ХИПК программасын эч качан колдобойм. ХИПК деген биздин мойнубузга, колубузга салган кишен болот.

- Резолюциянын уландысында айтылып жатат, электр тармагын конценсияга берүү жөнүндөгү маселе да күн тартибинде каралсын дейт?

- Кудай сактасын. Электр тармактары, энерго системасы адамдын кан тамыры сыяктуу нерсе. Ушуну кантип жеке менчикке берип коебуз. Бул өтө туура эмес. Энерго системасын башкаруунун башка жолдору бар. Ишеним көрсөтүүнүн негизинде башкарса болот. Бирок ушул система элдин, мамлекеттин менчиги болуп калса болот. Ал эми бул өкмөттүн башкара албагандыгына байланыштуу тез аранын ичинде бирөөгө берип коюп, кутулуп, жоопкерчиликти алалбай атканын көрсөтүп атат. Мен буга каршымын.

- Экономика темасын уланталы. Кечээ да айтылды, өкмөт Жогорку Кеңешке күйүүчү, майлоочу майларга акциздик салыкты көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун киргизген экен. Эгер ал кабыл алынса баасын 2 сомдон 4 сомго кымбаттайт деп кечээ мунай саткандардын ассоциациясы айтып чыкты. Ошол мыйзам менен тааныштыңызбы, парламент аны колдойбу, колдобойбу?

- Бул мыйзамды мен карай элек экемин. Бирок, мунайзатты биз этияттап карашыбыз керек. Акцизин киргизгенде жеңилдетүү жагын бериш керек. Себеби мунайды сырттан ташып келебиз да. Бирок акыркы убакта байкап атасыздар, мунайга баалар тез аранын ичинде өсүп кетип атат. Муну да көп адамдар Альянс деген компаниянын Газпромго өтүп кеткенинен көрүп атышат. Ушул жерден биздин чиновниктер компания менен келишим түзүп, өзүлөрү үстүнө кызыкчылыгын кошуп, андан ары сатып атканына байланыштуу баалар көтөрүлүп атат деген нерсени эл айтып атат. Мен ушуга ишенип атам. Бул жерде да спекуляция кетти.