Грузияда 1989-жылга дейре 340 миң орус улутундагы жарандар жашаган. Алардын биринчи тобу 1990-жылкы өлкөдө экономикалык кысталыш учурунда Грузиядан чыгып кетишкен. Ошол эле учурда миңдеген орустар таптакыр калууну көздөшкөн. Ал эми 2002-жылы Грузияда башаягы 68 миң орус улутундагы жарандар бар экендиги такталган. Азыркы туштагы Орусия менен Грузия ортосундагы жаңжал алардын арасында кандай маанай жаратып аткандыгын билүү максатта «Эркин Европа жана Азаттыктын» грузиялык кызматынын кабарчысы Жимшер Рехвиашвили Тбилисидеги кайсы бир кишилерди кепке тарткан.
Грузиянын ордо калаасында орусиялыктар таат кылуучу чиркөөдө иштечү 43 жаштагы Илья ал Тбилисиге мындан жети жыл мурда туулуп өскөн Волгограддан келгенин айткан. Азыркы учурдагы абалга анын пикири бир жактуу чыккан:
«Мен бул жакка 1998-жылы балам менен келдим. Ошондон тарта бул жердемин. Жеке мен үчүн эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Грузин элинен жылуу мамилени келерим менен туйганмын аны мен азыр деле туюп турамын», - деген.
Ильянын байкашынча Орусия менен Грузия бийликтеринин жакалашуусу карапайым кишилер алакасына таасир эте албайт. Орусиялык төрт тыңчы кармалгандан кийин Маскөө (10-октябрде) 119 грузиялык мыйзамсыз иммигранттарды чегинен чыгарып таштады. Дагы бир тобу алдыңкы аптада чыгарылат дешүүдө.
Грузиядан эне-атасы көчүп кеткени аткан №72 мектептин окуучусу Анатолийдин жообу мындай чыккан:
«Бул жердин мектеби абдан жакшы. Мага көп нерселери жагат. Мыкты грузин, орус, армян классташтарым бар. Менин эжем да ушул мектепте окуйт. Ал ушул жерде институтка өтсөм дейт», - деген.
Соодада иштеген Анатолийдин эне-атасы Орусияда грузиндер ээлеген соода түйүндөр менен ресторандарды салык кызматкерлери текшерип, чукул чараларды көрүп атышына жооп ирээтинде эми Грузия да ошондой текшерүүлөрдү жасайт деп көчүп кетип атышыптыр.
Орусиялык бийликтин грузиялык «Боржом» минералдык суу менен шараптарга тыюу салуусуна карабай ордо калаада, маселен, "Матрешка" ресторанында, орусиялык тамак-аш мурдагы бойдон экенин ошол ресторанда, келген кишилерге тамак алып чыгып берүүчү Николай айткан:
«Ичкиликтен, албетте, водканы көп алышат. Тамак-аштан: чүчпара, ичи быштак чүчпара. Эгерде суп алса анда кара икра, борщ, щи, солянка… Иши кылып, абдан көп», -деген Николай.
Андан аркы кебинде тамак-аш Грузияда саясатка баш ийбеген боюнча калганын айткан.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы