УЛУТТУК ФОРУМ: БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ ТИЛ ТАБЫШТЫБЫ, ЖЕ…?

Бишкекте бүгүн «Реформа үчүн» кыймылы уюштурган улуттук форум өттү. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, оппозициялык күчтөр бийликке коюп жаткан талаптар талкууланды. Жыйынга бийлик тараптан премьер-министр Феликс Кулов баш болгон бир катар өкмөт мүчөлөрү да катышып, сөз сүйлөштү. Бирок өкмөт башчынын сөзүнө оппозиция өкүлдөрү канааттанбаганын, тандемди кызматтан кетүүгө чакыруу зарылдыгы андан бетер күчөгөнүн белгилешти.
Бийлик менен сүйлөшүү максатында өткөрүлгөн бул форумда сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү убадаларын аткарбаганы үчүн президент Бакиевди катуу сынга алды. Коррупция күч алганы, коомчулук реалдуу алга жылууну калап жатканы айтылды. Жыйынга президент Курманбек Бакиев да чакырылган эле, бирок катышкан жок. Депутат Өмүрбек Текебаев негизги проблема катары ыймандын жоктугун белгиледи:

- Биздин эң чоң проблемабыз – ыймандын жоктугу. Ыймандуу саясат болсо, ыйманды биринчи орунга койсок гана оңолобуз. Эл алдында берген антынан кайтуу президентке эмес айылдык мугалимге да татыксыз көрүнүш. Эми президенттин койгон колуна да, берген антына да ишенбейбиз.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле жыйынга катышып отурган өкмөт башчы Феликс Куловду чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды.

Премьер-министр Феликс Кулов сүйлөгөн сөзүндө бийлик системасы боюнча көз карашын билдирип, көз карандысыз сот системасын түзүүнү белгиледи. Ошондой эле өзүнө коюлган айыптоолордун көпчүлүгү туура экенин мойнуна алып, оппозициядагыларды өз сунушун айтууга чакырды:

- Мен бир гана нерсеге чакырам.Эгер биз чын эле өзгөрүүнү кааласак анда аянтка чыгып алып эле кыйкыра бербей өз вариантыңарды айткыла. Жана ошонун аткарылышын талап кылгыла.

Өкмөт башчынын мындай сөзүнө оппозиция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү канааттанган жок. Депутат Азимбек бекназаров Феликс Куловдун сөзүнөн кийин тандем кызматтан кетмейинче реформа болбостугуна дагы бир жолу ынанганын айтты:

- Мен форумга ынтымакка, биримдикке жете турган жакшынакай сөз болот го деп келдим эле. Бирок премьер-министрдин сөзүнөн кийин туура багытта экениме, тандем кызматтан кетмейинче реформа жүрбөстүгүнө дагы бир жол ишендим. Сиз сунуш кылбайсыңарбы деп атуулдук коомду, ушул залда отургандарды жөөлөп кеттиңиз. Залдагылардын көпчүлүгү бизге парламенттик республика керек дегендер. Андай сунуштар эчак эле болгон. Кыргызстан азыр Аскар Акаев белгилүү бир мөөнөткө Москвага командировкалап кеткендей болуп атат…

Андан кийин сөзгө чыгышкан оппозиция өкүлдөрү да өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбаганын айтышып, багыттарынан кайтпастыгын белгилешти.

Жыйын соңунда бийлик тарап президенттин катышуусунда дагы бир ушундай форум өткөрүүнү сунуштады. Оппозиция тарап эгер алардын талаптарынын тегерегинде гана сөз болсо мындай жыйынга катышаарын билдиришти.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек