Мындай билдирүү менен чыккан АКШ президенти Жорж Буштун белгилешинче, Пхеньяндын ядролук тажрыйбаларды өткөргөнү Корея үчүн олуттуу натыйжага алып келет. Япония Пхеньянга каршы санкцияларды киргизип жаткандыгын билдирди. Ага ылайык, Кореядан Японияга товарларды импорттоого, түндүк кореялык кемелерди япон портторуна киргизүү жана Кореянын жарандарын Японияга келүүгө тыюу салынат.