12:00 Бүгүн Биринчи май райондук соту Айдар Акаевдин арызын кароого киришти

БИШКЕК. Арызды сотко адвокаттар 5-октябрда беришкен. Ага Борбор шайлоокомдун Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратышы негиз берген. БШК өз чечимин депутаттын бир жарым жылдан бери парламенттин ишине катышпаганы менен негиздеген. Экс-президенттин уулу 24-март окуясынын учурунда үй бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. (BuS)