БИШКЕК. Бүгүн Айдар Акаевди жана Мурат Малабаевди депутаттык ыйгарым укуктан ажыратуу боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин комиссиясы жыйын өткөрөт. 5-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Айдар Акаевди жана Мурат Малабаевди депутаттык ыйгарым укуктан ажыраткан. Эртеси М. Малабаев менен А. Акаев БШК чечимине макул эместигин билдиришип, сотко кайрылышкан. (AJ)