9:00 Президент бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүнү эсептеп чыгууну тапшырды

Президент Курманбек Бакиев 9-октябрда өкмөт мүчөлөрү жана президенттин администрациясынын бөлүм башчылары менен өткөргөн жумушчу жыйында 2007-жылы 1-январдан баштап билим берүү, саламаттык сактоо тармагынын, Ички иштер министрлигин кызматкерлеринин айлык акыларын 30 жана 50 пайызга жогорулатуу боюнча 20-октябрга чейин эсептеп чыгууну Каржы министрлигине тапшырды. Ошондой эле Коргоо министрлигинин, Коопсуздук кызматынын, прокуратура кызматкерлеринин маянасын 1-июлдан тартып көбөйтүүнү эсептеп чыгууну айтты. Президент өзүнүн администрациясы менен өкмөт аппаратынын ортосундагы макулдашылбаган аракеттерге жол бербөө үчүн мындай жумушчу жыйынды ар бир жумада өткөрүп турарын билдирди. (AJ)