ЖАЛАЛАБАТ: ПАХТА ЗАВОДДУН ТАГДЫРЫ – ТАРАЗАДА

  • Ырысбай Абдыраимов
9-октябрда губернатор Искендер Айдаралиевдин иш бөлмөсүндө төрт күндөн бери чыры басылбай аткан Жалалабат пахта заводунун тагдыры талкууланды. Ушул тапта пахта завод былтыр марттагы окуялардан кийин ээлеп алгандар менен «Кыргызпахта» акционердик коомунун ортосунда талашка түшүп жатат. Эки тарап бир нече жолу бирин-бири сотко беришкен, акыркы жолу Жогорку сот заводдун кожоюну «Кыргызпахта» акционердик коому деген чечим чыгарып берген.
9-октябрда Жалалабаттагы пахта заводдун деректири Ибраим Кадыров, «Кыргызпахта» акционердик коомунун жетекчиси Болот Ибраимжанов губернатор Искендер Айдаралиевдин иш бөлмөсүндө жолугушту. Ага Жалалабат шаарынын мэри Дүйшөн Мамасалиев, облустагы прокуратура, улуттук коопсуздук жана ички иштер башкармаларынын башчылары катышты.

Март ыңкылабына чейин ишкана «Кыргызпахта» акционердик коомуна тиешелүү болгон. Өткөн жылы май айында «элдик мүлккө айландырабыз» деген жоон топ адамдар менен мурдагы жумушчулар ишкананы басып алышкан. Өздөрүнө жетекчи кылып, ал заводдо мурда иштеген Ибраим Кадыровду шайлап алышкан.

Ушу тапта заводго ээбиз деген эл менен «Кыргызпахта» акционердик коомунун ортосунда кармаш жүрүп жатат. Алар буга чейин бир нече жолу сотторго кайрылышкан.

Акыркы жолу маселени караган Жогорку сот 19-сентябрда заводдун кожоюну катары «Кыргызпахта» акционердик коомун тааныган. Болот Ибраимжанов соттун чечимине ылайык ишкана анын жүз пайыз акциясына ээ болгон бизге таандык деп эсептейт. Анын айтымында губернатор Искендер Айдаралиев ал чечимди жактап чыкты:

- Түштөн кийин кайра чалышты. Эгер алар иштеткиси келбесе, анда өзүбүз иштетебиз, акча бөлүп беребиз, иштегендерге айлык акысын төлөп беребиз. Иштей бергиле дегенинен, мен макул болуп келишим түздүк. Ошонун барын мен талап катары койдум.

8-октябрда «Кыргызпахта» акционердик коому шаар мэриясынын ортомчулугу менен ишкананы пахта заводун ээлеп алгандарга ижарага бермек болгон. Болот Ибраимжанов Орусиядагы акционерлери менен сүйлөшкөндөн кийин ал келишимден айнып, пахта заводун иштетүү өзүнө жүктөлгөнүн билдирди. Анын айтымында Москвадагы акционерлер 40 миллион сом инвестиция салууга убада берген. Ишкана иштетилип, жумушчулардын эки айлыгы төлөнөт, деди ал.

Шаар башчы Дүйшөн Мамасалиев жолугушууда пахта заводун «Кыргызпахта» акционердик коомго өткөрүп берүү маселеси чечилгени менен ал жерди ээлеп тургандар буга макул болбой жатканын айтты:

- Эл тарап келип айтты, биз макулдук бербейбиз, биз иштетебиз заводду деп. Биз мыйзамга баш ийишибиз керек. Бүгүн эл тарап макул, ал эми менчик тарап макул эмес болуп атат. Ортодо мэрия гарант болуп туруп бере турган болду.

Түштөн кийин ишканада жыйын өтүп, чогулушта сот тармагына нааразылыктар айтылды. Ардагер Макамбай Өмүралиевдин пикири боюнча сотторго ишеним калган жок:

- Сот системасын тамырынан бери жоюш керек, сотту элге шайлоого коюп бериш керек.

Пахта заводдун деректирлигине эл кайра шайлап алган Ибрагим Кадыров 9-октябрда ишкананын тагдыры бүдөмүк калганын билдирди. Анткени,ишкананы ээлегендер аны «Кыргызпахта» акционердик коомуна өткөрүп берүү оюнан алыс. Кадыровдун берген маалыматы боюнча пахта заводдун 62 пайызы мүлк коруна, 20 пайызы эмгек жамаатына, калганы жеке менчик фирмаларга таандык:

- Биз завод биздики болсо, биз иштеп атсак, өзүбүзгө өзүбүз кандай аренда төлөйбүзбү, деп каршы чыктык. Арендасын жок кылдык, калган сөздөрүнө макул болдук. Ремонтун жасап, эч нерсесин сатпай, ордуна койгонго милдеттенме алганбыз дедик. Ал эми беркилер айтып атат соттун чечими чыкканга чейин тура беребиз, соттун чечими чыккандан кийин чыгып кетем деген сунушту айтып атат. Биз ага көнгөн жокбуз. Ошону менен бүгүнкү күнгө чейин заводдун тагдыры чечилбей турат.

Төрт күндөн берки чырга күбө болуп, өзүн ыңкылапчы санаган Сурмайым Чекелекова Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду отставкага кетирүү үчүн борборго баруу демилгесин көтөрүп чыкты:

- Курманбек Осмоновдун кетишин талап кылабыз. Жакшылыкча арызын жазып чыгып кетпесе, биз түз эле киребиз.

Заводдо коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер башкармасынын кайгуул-күзөт батальонунун кызматкерлери турушат.