АКШ МЕНЕН ЕВРОСОЮЗДУН ИРАНГА ЧЫДАМЫ ТҮГӨНҮП БАРАТАТ

Америкалык жана европалык ырасмий өкүлдөрдүн жакындагы билдирүүлөрү Ирандан алардын журт көчкөндөй көңүлү сууп баратканын көрсөттү. Иранга алар атом чөйрөсүндөгү бардык иштерди токтотууну,ошондон соң көп тараптуу сүйлөшүүлөргө киришүүнү сунуш кылышты. Тегеран болсо сүйлөшүүлөр алдын-ала эч кандай шарт койбостон башталышын талап кылууда.
Президент Махмуд Ахмединежад эл аралык санкциялардан Иран коркпой турганын, тескерисинче, Тегеран аларга каршы таасирдүү чараларды табарын акыркы күндөрү кайрадан эскертти. Сүйлөшүүлөрдү баштоону создуктуруп, Тегеран ядролук долбоорлорун жүзөгө ашырып алганга умтулуп жатканын иран өкүлдөрү жашырган да жок.

Дүйнөлүк “алтылыктын” өкүлдөрү 6-октябрда Лондондо жолугушуп, Иранга каршы санкциялар жарыялоо мүмкүндүгүн караштырмай болушту. Британ тышкы иштер министри Маргарет Бекетт “алтылыктын” –АКШ,Британия,Германия,Кытай,Россия жана Франция- өкүлдөрү Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткаруудан баш тартып, Иран эл аралык коомчулукту катуу өкүткө салганын бир ооздон белгилешкенин ырастады. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс болсо Жакынкы Чыгыштагы сапары маалында эл аралык коомчулуктун чыдамы бүтүп баратканын эскерткен эле. Иран өкүлдөрү менен бир нече ирет жолуккан Евросоюздун өкүлү Хавер Солана да талкуу-таңаштар чексиз улана бербей тургандыгын айтып, маселени бир жаңсыл кылып чечүүнүн мөөртү келгенин, эгер Тегеран эч кандай мунасага барбаса, ага санкциялар жарыялоо зарыл экенин билдирди.

Бирок алдыда баштала турган консультацияларда “алтылыктык” өкүлдөрү бу маселеде орток пикир таба алары да арсар абалда. Россия азыр Бушерде атом электрстанциясын куруп жатат. Ирандын атом энергетика министри октябрдын башында Москвада болуп, станциянын курулушу эмдиги жылы күзгө чейин бүткөрүлбөсө, Иран келишимди бузарын эскертти. Москва мурда станция үчүн ядролук отунду Россияда даярдап берүүнү сунуш кылган, бирок Тегеран мындан баш тарткан. Мунун ордуна жакында Тегеран өзүнүн атомдук станциясы үчүн Иранда ядролук отун даярдап берүүнү Францияга сунуш кылды. Париж бул таклипти кабыл алган жок.

“Алтылыктын” консультацияларында,байкоочулардын болжолунда, Россия менен Кытай мурдагы позициясында калышы мүмкүн. Бери эле дегенде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров талкууларда баарыдан мурда Иранды жазалоого эмес,сүйлөшүүлөрдү жакындатууга басым жасоо зарыл деп билдирди. Ал эми АКШда 1-октябрда президент Жорж Буш “Ирандагы эркиндикти коргоо актысына” кол койду. Анда Тегеран менен кызматташтыгын уланткан өлкөлөргө санкцияларды жарыялоо жагы каралган. Документте конкреттүү өлкөлөр аталган жок, бирок эксперттер муну Вашингтондун Россия менен Кытайга жасаган эскертүүсү деп эсептешет.