Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май райондук сотунун чечимине макул эместигин билдирип Жогорку Сотко кайрылды. Райондук сот жума күнү №39 шайлоо округунан шайланган Жогорку Кенештин депутаты Мамат Орозбаевдин арызын карап, БШКнын чечимин жокко чыгарган. БШК 5-октябрда Мамат Орозбаевди депутаттык мандаттан ажыратып, анын атаандашы Санжар Кадыралиевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган. Санжар Кадыралиев да Жогорку Сотко райондук соттун чечимин жокко чыгарууну сурап кайрылганын «Азаттыкка» билдирди. (BuS)