ГРУЗИЯ –РОССИЯ КРИЗИСИ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮН КООПТОНДУРУУДА

Мээрим Мураталиева, Прага Грузия жана Россиянын мамилелериндеги кризис башка постсоветтик өлкөлөргө да өз таасирин тийгизиши ыктымал деген божомолдор айтылууда. Бири Грузия менен бардык транспорт каттамдарын жана байланышты токтотуп салышы Россиянын өзүнүн экономикасын кризиске алып келет деп билдирсе, экинчилери Россиядагы мындай катуу чаралар башка КМШ өлкөлөрүн да четтеп өтпөйт деп кооптонушууда.
КМШ өлкөлөрүндө Россиянын катуу чараларды колдонуусу алардын да жашоо турмушуна өз таасирин тийгизбей койбойт деген тынчсыздануусу бар.

Маселен Белорусиянын бул жараны Москванын Грузияга карата көрүлүп жаткан чараларын колдоорун айтты:

"Россиялыктар туура кылышты. Анткени азыр грузиндер Россиянын кыжырына тийгендей мамиле жасап жатышат. Алар Россияны чатакка көкүтүп жатышат. Албетте, чоң чырга айланбайт деп ойлойм. Ошентсе да Россия мындан да катуу чараларды көрсө болот болчу".

Айрым байкоочулардын пикиринде, Москванын Грузияга каршы чаралары бара бара башка коңшу мамлекеттерге карата да колдонулушу мүмкүн.
Москва шаарында иштеп жаткан тажик мигранты Грузия кризисине кайдыгер көз караш менен карай албастыгын билдирди :

"Мурунку совет өлклөрүнөн келген жарандардын бардыгы Россияда жумушчу мигрант катары жашап жатат. Эгерде бүгүн мындай чаралар Грузияга гана караштуу болсо, эртең ушундай эле абалда өзбектер же тажиктер болушу мүмкүн. Буз буга кубанбашыбыз керек".

Көпчүлүгү Грузия чатагын Кремлдин региондо бекемделүү аракетин көргөн АКШ менен күрөшүүнүн бир бөлүгү катары көрүшүүдө.

Вашингтон жана Брюссел Грузин кризисине жооштук менен карашууда. Алар Москванын катуу чаралары пост советтик аренада мындан да күчөшү мүмкүн деп айтышууда. Грузин кризисин кабатырлык менен карап жаткан өлкөлөр - Молдова жана Украина. Молдова 2006-жылдын март айынан тартып виного жана айыл чарба продукциясын Россияга экспорттого тыюу салгандан жапа чегүүдө.

Грузия менен бардык транспорт каттамдардын токтотулушунун таасирин Армения ошол замат эле сезди. Анткени Россияга импорт жана экспорт Грузия аркылуу болуп тургандыктан Армения ага көз каранды болчу.

Армениянын ишкерлеринин айтымында, учурда темир, жүк ташуучу жолдордун жабылышы менен товарларды Роосияга жиберүү үчүн жолдорду табууда күрөш жүрүп жатат.

Азербайжандагы айрым расмий өкүлдөрдүн айтымында, мындай санкциялар нефтини сатууда Грузия аркылуу Баку-Тбилиси –Жейхан мунай кууру аркылуу жүргүзүлчү операцияларды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.