Түндүк Корея пландаган ядролук сынагынан баш тартууга тийиш

Эгер дүйнөлүк коомчулуктун бул чакырыгы четке кагылса, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы тийиштүү чараларды көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ Коопсуздук кеңешинде бир добуштан кабыл алынган билдирүүдө эскертилди. Түндүк Корея ушул жекшембиде ядролук сынак өткөрө турганын билдирген эле.