Бул тууралуу Бириккен Улуттардын Баңги зат жана кылмыштуулук кеңсесинин маалыматында айтылат. Өткөн жылдан бери Ооганстанда апийим өндүрүшү 50 пайызга өскөндүгү болжолдонууда. Агенттиктин жетекчиси Антонио Мария Костанын сөзү боюнча, апийим соодасы көбөйгөндө, анын кара базардагы баасы арзандаганга караганда, апийимден жасалуучу героиндин кубаттуулугу күч алат.