Абанын кир болушу 2 миллион адамдын өлүмүнө алып келет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөргө кайрылып, шаарлардын экологиясын оңдоого чакырды. Жылыга дүйнө жүзүндө абанын кир болушу 2 миллион адамдын өлүмүнө алып келет экен. Өнүккөн өлкөлөрдө аба жол берилген көрсөткүчтөн үч эсе ашык булганган.