Москва колдогон чечен өкмөтүнүн премьер-министри Рамзан Кадыров бүгүн отузга чыгат. Бул курак ага согуштан бүлүнгөн республиканын президенттигине ат салышканга мүмкүндүк ачат. Бирок байкоочулар анын саясий зоболосу жогоруларына кепилдик жок дешет. Айтымда, соңку кездери андан Кремлдин ичи сууй баштаган сыяктанат.
Рамзан Кадыров сыпаалыкка салып, президент болгонго али даяр эместигин, азырынча жаштык кыларын айтып, ошол эле учурда муну эл чечерин да эскертип жүрөт. Кадыровдун негизинен омуроолоп, кээде ачыктан-ачык күчкө салып башкарган ыкмасын эске алганда, кокус президенттикке өзүн көрсөтүп калса, коомчулук аны ичтен колдобосо да каршы чыкканга даай албай коюшу мүмкүн.
Руслан Мартагов - 90-жылдардын орто ченинде москвачыл чечен өкмөтүндө иштеген,азыр Москвадагы антитеррордук фондду жетектейт. Анын айтымында, Рамзан Кадыровдун саясий дымагын ченеш кыйын, эми ал республиканын президенти болгусу келет,буга сөзсүз умтулат. Орус президентинин эле медили өзгөрүп кетпесе,ал жакын аралыкта бул максатына жетиши да мүмкүн, дейт Мартагов. Бирок соңку кездери Мартагов Кремлден жаман апаздардын шобурту чыга баштаганын да белгиледи.
Рамзан Кадыровдун жеке кошууну бар,анын жоокерлери 10 миңден ашат. Кадыровдун жалоондой жигиттери каяша кылгандардын катыгын берип, көзүн тазалап салгандан кайра тартпайт дешет. Ошол эле учурда акыркы жылдары республикада кырдаал биртке жакшырып, элдин турмушу оңоло баштаганын да Рамзан Кадыровго тогоруп жүрүшөт. Республиканын парламенти конституцияны өзгөртүп, азыркы президент Алху Алхановдун ордун 2008-жылы Кадыровго алып бергени айрым аракеттерди көрө баштады.
Бирок байкоочулар соңку кездерде Кадыровдун агрессивдүү саясий ыкмалары Россиянын башкаруучу элитасын кооптондура баштаганын айтып жатышат. Белгилүү эксперт Алексей Малашенконун айтымында, Рамзандын дымагы арткан сайын Кремлдегилер анын чаарбаш мүнөзүн, атүгүл кооптуу экенин да сезе баштагансыды. Карелиядагы Кондопога шаарында чечен мигранттарына каршы тополоң чыкканда Кадыров россиялык бир катар кызмат адамдарын сынга алып, эгер алар кырдаалды жайгарганга жарабаса, өз жигиттери менен барып,баарын басып,тынчытып келерин айткан эле. Мындан тышкары ал Чеченстанда мунайдан түшкөн 450 миллион доллар кирешени кымырып калып жатышканы үчүн федералдык кээ бир министрлер менен бюрократтарды айыптады. Кадыровдун түштүк осетин сепаратисттерине материалдык колдоо көрсөткөнү да Москванын жүнүн тетири айлантты. Орус думасында айрым бир депутаттар Кадыровду кызматтан алууну талап кылышты.
“Москва, албетте, Рамзан жасаган иштерге курсант, бирок анын амбициясын колдой бербейт. Рамзандын азыр Москвада алдуу-күчтүү оппоненттери пайда болду, алар Алхановдун картасын ойной башташты. Алаханов Москвага Рамзанга караганда алда канча лоялдуу, ал Рамзандай кадамдарга барбайт”, - дейт Малашенко.
Кокус Кремл президенттикке ат салышканга Кадыровго бут тоссо,буга ал кандай жооп кайтара турганы белгисиз. Азырынча ал Путинди мактап, аны “Россияны сактап кала турган жападан-жалгыз адам” деп айтып жүрөт. Бирок Путин мындай лоялдуугу үчүн Кадыровду калкалап калабы-жокпу, муну да айтуу кыйын.