Евросоюздун тышкы саясатынын башкы координатору Хавер Солана кокус Косово көз карандысыздык алса, бул иш Кавказдагы Түштүк Осетия менен Абхазия үчүн да өнөгө болуп бериши мүмкүн экенин моюнга алды. Мындан тышкары ал Грузияга бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү суранган президент Михаил Саакашвилинин кайрылуусун да Евросоюз аткара албай турганын билдирди.
Косовонун статусу жөнүндөгү маселе быйыл жыл этегине чейин чечилиши керек. АКШ менен Евросоюз провинция Сербиядан бөлүнүп, өзүнчө республика болот деп үмүттөнөт. Бирок Хавер Солана Европарламенттин тышкы иштер комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Косово көз карандысыз статус ала турган болсо Кавказдагы Түштүк Осетия менен Абхазия үчүн да маселе чыгарын эскертти. Ал ошондой эле буга Грузиянын президент Михаил Саакашвили да тынчсыздануусун билдиргенин ырастады. Солананын айтымында, бу жерде буктурма күтүп турат. Муну ал эки ачакей механизмдин айынан келип чыккан капканга салыштырды. Мындай кырдаалда эч ким утушка жетише албайт, эми абалдан чыгуунун жолдорун издөөгө тийишпиз,бирок бу оңой болбойт, деди Солана.
Россия эгерде Косово көз карандысыздык алса,бул Абхазия менен Түштүк Осетияга да өнөгө болорун эскерткен эле. Грузия менен Россиянын мамилеси болсо курчуп баратат. Солана бу проблемага кайрылып, Саакашвилинин айрым манерасы да аны толкундатып жатканын белгиледи, бирок муну конкреттештирген жок.
Солананын айтымында, грузин президенти Абхазия менен Түштүк Осетияга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн форматына да даттанган. Саакашвили Трансднестрдегидей эле грузин-абхаз жана грузин-осетин сүйлөшүүлөрүнө Евросоюздун, АКШнын жана Украинанын катышуусун каалайт. Бирок Солана азыркы учурда муну жасоо кыйын экенин айтып, Молдованын ыкмасынан деле азырынча майнап чыкпай жатканын белгиледи.
Саакашвили мындан тышкары Грузияга Евросоюздун бейпилдик күчтөрүн киргизүүнү өтүнгөн экен. Солана бу маселенин да оң чечилиши өтө кыйын экенин моюнга алды. Франция,Германия,Италия жана союздун башка мүчөлөрү Грузияга байкоочулар тобун жөнөтүү маселесине деле көпкө чейин макул болбой келишкен. Бейпилдик күчтөрүн киргизгенге алар андан бетер каршы чыгышы мүмкүн.
Евросоюз азыр Россия менен Грузиянын ортосундагы кризисти жөнгө салганга аракеттерди көрүп жатат. Бирок бу маселеде альтернативдүү кандай чечимдер болушу мүмкүн экенин Солана тактаган жок.