18:00 Талас облусундагы мектептерде азык-түлүктөрдү сактоого муздаткычтар жок

Мектептеги окуучуларга шашке тамагы берилип жатканы менен Талас аймактык билим берүү башкармалыгынын башчысы Жеңиш Чынаев тамак-аштарды сактаганга муздаткычтар жок болуп, санитардык абал толук сакталбай жатканын билдирди. Облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков жогоруда аталган көйгөйдү айыл өкмөттөрү чечсин деп, санэпидстанциянын кызматкерлерине көзөмөл жүргүзүүнү талап кылды.(UA)