2006-ЖЫЛДЫН НОБЕЛ СЫЙЛЫГЫ ЭКИ АМЕРИКАЛЫК ФИЗИККЕ ТИЙДИ

Нарын АЙЫП, Прага Швециянын илимдер академиясы 3-октябрда физика боюнча 2006-жылдын Нобел сыйлыгы эки америкалык окумуштуу - Жон Мазер жана Жорж Смутка берилет деп жарыялады. Сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу жыйын Стокгольм шаарында 10-декабрда өткөрүлөт.
Швециянын илимдер академиясынын 3-октябрда жарыяланган чечими менен 2006-жылдын Нобел сыйлыгы америкалык физиктер Жон Мазер жана Жорж Смутка - ааламда дайым бар микротолкундардын өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө жасаган жетишкендиктери үчүн ыйгарылат. Андай микротолкундар кайсы бир жылдыз, же планета, же галактикада болуп жаткан жарылуулар же башка окуялардын жыйынтыгында чыкпастан, алар дайым болгон жана бар, ошондуктан окумуштуулар аны - ааламды бир кезде пайда кылган чоң жарылуу менен байланыштырышат.

Айрым физиктер андай жарылуу деги болгонунан күмөн санайт, бирок Жон Мазер менен Жорж Смуттун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары - жарылуу чындап эле болгон деген илимий көз карашка жаңы далил кошту. Эгер аалам ошондой чоң жарылуудан жаралган болсо, азыркы мезгилде жылдыздар менен галактикалар бир-биринен улам алыстап баратканы ошол жарылуу менен түшүндүрүлөт. Канча бир убакыт өткөндөн кийин ааламдын андай кеңейүүсү токтоп, галактикалар кайрадан бир-бирине жакындап, аалам мейкиндиги кысыла башташы да мүмкүн. Америкалык физиктер өз изилдөөсүн - АКШнын Космос агенттиги 1989-жылы учурган спутник таап келген фактыларга негиздеген.

Ага сыйлык ыйгарылганын укканда, Жон Мазер 3-октябрда кубанычын минтип билдирди: "Сыйлык мага тийгенине мен өтөт кубанычтамын, мага чындап эле ал жагат, анткени бир кезде биз жүргүзгөн изилдөөлөр чындап эле өтө орчундуу болчу", - деди Мазер "Рейтер" агенттигинин кабарчысына.

Нобель сыйлыгы азыр 1 миллион 400 миң долларга барабар, сыйлык негизделгенден бери өткөн 100 жылдын ичинде анын өлчөмү 70 эсе өстү. Швециялык окумуштуу жана ишкер Альфред Нобелдин керээзи боюнча, анын байлыктары банкка салынып, андан түшкөн сүт акча белгилүү окумуштууларга сыйлык катары берилиш керек. Нобель 1896-жылдын 10-декабрында каза болгон, сыйлыктар 1901-жылдан тартып бериле баштаган, алар ар жыл сайын 10-декабрда тапшырылат.

Алгач сыйлык физика, химия, медицинадагы жетишкендиктер жана дүйнөдө тынчтык орнотуу аракеттери үчүн берилчү, 1969-жылдан тартып экономика боюнча дагы тапшырыла баштады. Физика, химия жана экономика боюнча сыйлыкка ким татыктуу экенин аныктоо үчүн ал тармактар боюнча Швециянын илимдер академиясында беш адамдан турган атайын комитеттер түзүлгөн. Медицина боюнча сыйлыкты кимге берүүнү - Швециянын Каролин институту чечет, ал эми тынчтык премиясынын ээсин кошуна Норвегиянын парламенти аныктайт жана сыйлык Осло шаарында тапшырылат.

Сыйлыкка бериле турган каражаттар Нобел фонду деген уюмда сакталат, бирок ал фонд акча гана белүп берип турат жана сыйлыкты кимге берүү жагын чечпейт. Андан тышкары Нобел фонду 1966-жылдан бери Нобел симпозиумдарын өткөрүп турат, аны Швеция банкы каржылайт.