Иракта кеминде он тогуз киши өлтүрүлүп, он төртү барымтага алынды

Дагы ондогон кишинин барчаланган сөөгү Багдадда жана анын чет-жакасынан чыкты. Жекшембинин кечинде Багдаддагы азык-түлүк чыгаруучу ишкананын 26 жумушчусун белгисиз бирөөлөр кармап кеткен эле, кийин алардын жетөөсүнүн өлүгү табылды. Ирактын парламенти кечээ өкмөткө чукул берилген кошумча укуктарды дагы 30 күнгө узартты.