10:00 Кыргызстанда аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

Бул жолу аскердик кызматка чакырылгандардын ден соолугун дыкат текшерүү үчүн дарыгерлерди аттестациялоо чечими кабыл алынды. Бул саламаттыгы начар балдардын аскерге чакырылышына жол бербеш үчүн жасалууда. Маселен, жазгы чакыруудагы 20 жоокер ден соолугуна байланыштуу үйүнө эрте кайтарылган, деп билдирди коргоо министрлигинин маалымат кызматы. (AiT)