8:00 Учак кырсыгынын чоо -жайы тууралуу бүгүн маалымат берилет

26-сентябрда "Кыргызстан" авиакомпаниясына таандык Ту-154 учагы “Манас” аба майданынан абага көтөрүлүү үчүн күүлөнүп баратып, АКШ авиабазасынын күйүүчү май ташуучу KS-135 учагы менен кагылышып кеткен. Натыйжада өрт чыгып, тез арада өчүрүлгөн. Кагылышуунун себептерин тиешелүү органдар жана бул кырсык боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия иликтөөдө. (SM)