Израил түштүк Ливандагы аскерлерин чыгарып бүттү

Жекшембиге караган түнү акыркы бир нече жүз аскер, бир нече танк жана бронетехникасы израил- ливан чек арасынан өттү. Учурда Ливандын түштүгүндө эл аралык бейпилдик күчтөрдүн бир нече миң аскери коопсуздукту сактоодо.