Оппозициялык маанайдагы саясатчылар бүгүн Бишкектеги Алатоо аянтында мөөнөтсүз нааразылык акциясы 2-ноябрда башталаарын жарыялашты. Бир катар партиялар жана саясий кыймылдар биргелешип уюштуруп жаткан бул митингде бир гана талап – Бакиев-Кулов тандеминин отставкасы талап кылынмакчы. Ошол эле учурда кээ бир саясатчылар жана байкоочулар мындай талап менен митингге чыгууга азыр зарылдык да, негиз да жоктугун айтышууда.
Бул нааразылык акциясын «Реформа үчүн» кыймылы, социал-демократтар, «Атамекен», «Арнамыс»,
«Асаба», Демократиялык күчтөр биримдиги партиялары биргелешип уюштурмакчы. Жогорку Кеңештин депутаты, «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү Мелис Эшимкановдун айтымында, анда буга чейин коюлган талаптарды аткарбагандыгы үчүн азыркы бийликтин кызматтан кетиши тууралуу гана талап коюлат:"Жазындагы митингдердин, Аксыдагы курултайдын, Жогорку Кеңештин акыркы талаптары аткарганга биз бийликке бир айлык мөөнөт бергенбиз. Орозо айы бүткөнчө дегенбиз, эми ага чейин аткарылбасы көрүнүп калды. Биз 15 миңдей адам менен чыгып, эми мурдагыдай сүйлөп-сүйлөп тарап кетпей, мөөнөтсүз акция баштайбыз. Талап бир гана – президент Бакиевдин отставкасы."
«Асаба» партиясынын теңтөрагасы, депутат Азимбек Бекназаров бул 17-сентябрда Аксыда өткөн элдик курултайдын экинчи этабы экенин айтат:"Эгер ага чейин биздин талаптар аткарылса анда курултайды жыйынтыктайбыз. Болбосо Аксыдагы курултайдын чечимине ылайык, Бакиев-Кулов тандеминин отставкасын талап кылабыз".
Ошол эле учурда коомчулуктун дагы бир бөлүгү мындай талап менен митингге чыгууга караманча каршы. Маселен, Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Камчыбек Ташиев муну айрым саясатчылар жеке талаптарын жалпы элдик талапка айлантуу аракети катары баалайт:"Эгерде мамлекет башчысы кызматтан кетсин деген талап менен чыгып атса, бул туура эмес. Бул бир канча саясатчынын жеке талаптарын жалпы элдик талкууга айлантабыз деген аракети десем болот".
Адам укуктарын коргоо боюнча президент карамагындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун да мындай талап менен чыгууга эч кандай зарылдык жок деп эсептейт:«Бакиев кетсин!» деген талап менен чыгууга азыр эч кандай зарылдык жок. Мен дайыма эле оппозицияны колдоп,алар менен мамиле түзүп жүрөм, алардын көпчүлүк талаптары туура. Бирок «Бакиев кетсин, тандем кетсин» дегени туура эмес."
Оппозиция буга чейин да митинг-курултайларды уюштуруп, бийлик «конституциялык реформаларды жүргүзсүн, Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазалансын» деген сыяктуу бир катар талаптарды коюп, эгер талаптар аткарылбаса күзүндө Бакиев-Кулов тандеми кетсин деген талап менен гана чыгышаарын эскерткен.
"Биз президент убадасын аткарабы деп, бир жарым жыл күттүк. Бирок аткармак тургай теңирден тескери иштер болуп атканын коомчулук көрүп турат. Эми жаңы укуктук талаага өтсөк, парламенттик да, президенттик да жаңы шайлоолор болсо, конституциялык реформа иш жүзүндө болсо деген тилегибиз бар",-деди депутат Мелис Эшимканов.
Митингдин уюштуруучулары эмки жуманын башында маалымат жыйынын өткөрүп, 2-ноябрдагы нааразылык акциясы тууралуу толугураак маалымат беришмекчи.