КУРМАНБЕК БАКИЕВ : «АКЫЙКАТ ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУГА ЖЕТИШҮҮБҮЗ КЕРЕК»

Курманбек Бакиев бүгүн өлкөнүн калкына алгачкы кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Президент кайрылуу сөзүндө Кыргызстандын өнүгүү боюнча улуттук стратегиясы жана жакынкы милдеттери жөнүндө белгиледи. Эми президенттин кайрылуусу коомчулукта талкууланып, өкмөт түзүп жаткан өлкөнүн өнүгүү стратегиясы менен жуурулуусу керек. Өлкө саясатчыларынын ичинде кайрылууну оң баалагандар да, аны сынга алгандар да чыгууда.
Курманбек Бакиевдин президент болуп шайлангандан берки алгачкы ирет парламентке жана калкка кайрылуусу саясий, экономикалык, социалдык жана тышкы саясатка байланыштуу темаларды камтыды. Жакынкы он беш жыл ичинде конкурентке туруштук берген экономиканы түзүү максатын койгон Бакиев, алдыдагы беш жыл ичиндеги милдет мамлекеттиктүүлүктүн негиздерин бекемдөө экенин белгиледи:"Өлкөбүздө бекем бийликти жана мыйзамдын кубатын толук калыбына келтирүү, конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ишке жөндөмдүү саясий партияларды, жарандык коомду түзүү, саясий элитанын жаңы муундарын жетилтүү жана жаңы технологияга таянуу аркылуу экономикада структуралык кайра курууну ишке ашыруу".

Экономикада мамлекет тышкы инвестицияны тартууга артыкчылык берүүсү, энергетика тармагын кожоюндардын колуна тапшыруу зарылдыгы белгиленди, ал эми билим берүүдө мамлекеттик буйрутма менен адистерди даярдоону колго алуусу, бийлик системасында мамлекеттик органдардын ролдорун так аныктоо жана жергиликтүү башкаруу системасын өнүктүрүү сунушталды.

Тышкы саясат тууралуу Курманбек Бакиев буларды белгиледи:"Тышкы саяаттагы биздин позициябыз көпчүлүк маселелер боюнча олуттуу өзгөргөнүн көрүп турасыздар. Бул өзгөрүүлөрдүн маңызы биринчи орунга өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты койгонубузда. Эң жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен жылуу мамилени чыңдоого көбүрөөк көңүл бурганыбыз ушуну менен түшүндүрүлөт".

Муну менен Кыргызстандын көп вектордуу тышкы саясаты сакталып кала берет, деп белгиледи президент.

Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаевдин пикиринде президент реалдуу боло турган нерсени айтты: "Мен ойлоймун сөз жүзүндө калбаса, эгерде өкмөт, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы аткарууга аракет кылса, аткарыла турган нерселер".

Ал эми «Асаба» партиясынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева кайрылууну кадимки, стандарттык, кезектеги докладдын бири катары баалады: "Жыл сайын мындай сөздү Акаевдин оозунан угуп келгенбиз. Азыр деле ошону уктук. Март революциясынан кийин элге кайрылып жатат. Жаңы идея, жаңы демилге, жаңы программа, жаңы программа болот десек, бул кишинин оозунан чыккан сөздүн баары эле биздин жүрөккө тие турган шумдук болуп угулуп жатат. Мына үйбүлөлүк башкаруу болуп качты эле дейт, азыр эмне андай болбой жатабы? Дал ошондой эле болуп атат. Коррупцияга каршы дейт, а коррупцияны ким алып келип атат. Өкмөт өзү алып келип атат".

Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев кайрылуунун оң,кемчилик жактары тууралуу мындай пикирин айтты:

"Бул жерде коомчулукту тынсыздандырып турган суроолорго жооп жетишсиз болуп калды. Бул акыркы кезде коомдук-саясий турмушта болуп жаткан, биринчи иретте Текебаевге байланыштуу окуяга, дегеле оппозициянын орду, саясий кырдаалга терең, так баа берилген жок. Экинчи жагынан экономикалык өнүгүү боюнча көбүрөөк айтылды.Тышкы саясат боюнча айтылган сөздөр эсимде калды. Эми мындан кийин биздин реформалар сырттан келген кеңешчилердин айтуусу менен болбойт. Биз улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга көтөрөлү, жакынкы коңшу мамлекеттер менен кызматташууну мындан ары да күчөтөбүз, деп айтылды".