Москвада Түркмөнстандын элчилигинин астында пикет болду

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадованын өлүмүнө байланыштуу пикет болду. Ага Түркмөнстандын бирдиктүү оппозициясынын жана атуулдук аракет комитетинин өкүлдөрү катышышты. Огулсапар Мурадова курал- жарак сактаган деген айып менен соттолуп, түрмөдө жаткан жеринен каза тапкан.