8:00 Бейөкмөт уюмдар тобу Конституциянын бирдиктүү долбоорун иштеп чыгууну сунуштады

Бул долбоор буга чейин сунушталган бардык долбоорлордун алгылыктуу жактарын эске алуу менен, эл аралык нормаларда белгиленген демократиялык принциптерге ылайык жазылышы керек. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, учурда баш мыйзамдын жыйырмадан ашык долбоору бар. Алардын катарында мамлекеттик жетекчилер, саясий партиялар, топтор, саясатчылар сунуштаган долбоорлордон тышкары ислам конституциясынын долбоору да бар.