26-сентябрда Жалалабатта облустагы маалымат каражаттарынын азыркы абалы талкууланды. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин долбоору менен иштеген маалымат каражаттарын колдоо борбору уюштурду. Тегерек үстөлдө облустагы маалымат булактарынын өз алдынча жашап кетүү маселеси эмнегедир көтөрүлгөн жок. Ошол эле учурда коммерциялык багыттагы эки сыналгы мамлекеттик колдоосу жок, өз алдынча иштеп келатат. Облустагы маалымат каражаттары эмне үчүн эркин болуудан тайсалдашат?
Облустагы тармактык гезиттердин колдоочусу аз. Аларды демөөрчүлөрү убагында камсыздабайт. Облбийликке тиешелүү эки гезит менен Жалалабат телерадиокомпаниясына мамлекеттен бөлүнүп иштөө сунушу берилген. Губернатордун маалымат катчысы кызматынан Сузак райондук бийлигине которулган Гүлжан Асанованын айтымында аталган үч уюм жергиликтүү казынанын мойнунда калды:
- Эки облустук гезит эркин болуп кетти эле, өкмөттүн токтому чыккандан кийин каалагандай мүмкүнчүлүк бердик. Эркин болуп кеткенге чейин да бюджеттен акчаларын бөлүп бердик.
“Жалалабат таңы” аттуу гезит буга дейре өз алдынча жашоого камдуу турган. Май айында өзбек тилине расмий тил укугун берүү митинги болгондон кийин гезитти каражат жагынан колдомок болгон демөөрчүлөрдүн ой-пикири өзгөрдү. Өзбек тилдүү журналисттер да жетишпейт. Базаркоргондон Жалалабатка барып-келип иштесе да, басылманын редактору Батыржан Газибаевдин үстөмдүк кылмак болгон ишкер- демөөрчүлөрдүн айтканы менен жүргүсү жок: "Эгер алар акцияны сатып алса, гезит башка нукка өзгөрөт сөзсүз. Өзбектер 27-майда митингге чыкты. Ошого байланыштуу биздин ишибизде бир аз проблемалар пайда болду. Башында биз туура позицияда турдук. Кийин бир-эки ойду бергенден кийин биздин гезитке болгон мамиле өзгөрдү".
Облустук “Акыйкат” гезити миллион сомдук чыгымынын 120 миң сомун гана казынадан алат. Ага жазылган окурмандардын аздыгы менен атаандаштардын көптүгү жана гезитти сатуунун түйшүгү – жамаатты мамлекеттен бөлүнүп жашоо оюнан айнытты. Редактор Самидин Стамбеков басма сөз мыйзамына өзгөртүү кийирүүнү сунуш кылды:
"Ошону биз жасай алабыз го деп ойлодук эле. Бара-бара кыйынчылык болуп, конкуренция көбөйүп кетти, басма сөз көп, сатып өткөрүш кыйын. Облустук жана республикалык деңгээлиндеги гезиттердин тиражы кеминде мынча болсун деген так чектөө коюлбаса болбойт. Американын өзүндө бар мындай нерсе".
Быйыл жергиликтүү казынадан каржыланган Жалалабат телерадиокампаниясы КТРдин карамагына өткөн. ЖТРдин төрагасы Ырысбек Зулумбековдун жообу боюнча, компаниянын өз алдынчалыкка өтүүсүнө бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү максаты жол бербейт: "Акционерлештирүүгө али эрте деп ойлойм. Себеби бизде азыр тескерисинче бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүдө маалымат саясатын жүргүзүү максатында биздин жетекчилер КТРдин карамагына кошуп койду."
Коммерциялык мүнөздөгү “Бактынур” телекампаниясы беш жылдан бери өзүн-өзү каржылайт. Аталган маалымат каражаты обого КТРдин көрсөтүүлөрү бүткөндөн кийин чыккандыктан, “Бактынур” көрүүчүлөрүн жоготууда. Эфир убактынынын түн жарымда берилиши долбоорлорубузду карамак болгон эл аралык уюмдарды да кызыктырбай калды, дейт “Бактынурдун” төрайымы Нуркан Койчуманова:"Бизде техникалык база жетишсиз. Ошондой эле биздин эфир кеч болуп атат. Түнкү саат 12ден кийин биз көрармандарыбыздын көпчүлүгүн жоготобуз. Анын үстүнө станциялар дизелге өтүп алат. Ага өткөндө сапатуулук жоголот. Биз өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Реклама, коммерциялык иштерди жүргүзөбүз, мекеме ишканалар менен келдишимдин негизинде чыгабыз".