Орусия Ливанга инженердик батальон жөнөтмөк болууда

Бул сунушту президент Владимир Путин Федерациялык кеңешке жөнөттү. 400 кишиден турган бул орусиялык батальон бейпилдик күчтөрдүн курамына кирбейт, Ливан-Израил кагылышуусунда талкаланган жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө жардам бермекчи.