Саддам Хусейндин адвокаттары сотко келишпейт

Бүгүн Багдадда Саддам Хусейндин үстүнөн болуп аткан экинчи сот жараяны улантылат. Бул жолу ага 1998- жылы күрттөрдү кырган деген айып тагылууда. Бүгүн сот залында Саддам өзү болот, бирок анын адвокаттары судья мыйзам бузууларга жол берип атат деп сот жараянына бойкот жарыяламак болуп атышат.