8:00 Ошто террорго каршы кыргыз-орус машыгуусу өтөт
«Түштүк-2006» деген аталыштагы биргелешкен машыгуу 2-октябрда башталаарын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Машыгуунун жыйынтыктоочу бөлүгү 5-октябрда өтүп, ага Кыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлери катышаары күтүлүүдө.