39 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголууда. Жардыруу болгон учурда жер алдында 367 шахтер иштеп аткан. Аталган шахтанын кожоюну болгон “Миттл Стилл” компаниясы каза болгон шахтерлордун ар биринин үй-бүлөөсүнө 12 миң доллардан компенсация берилет деп билдирди. Украинада Донецк облусунда да кечээ шахтыда кырсык болуп, 13 адам набыт кетти. 60 шахтер оор абалда азыр ооруканада жатат.